SerepTV Logo

Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын кароо саат 11:00гө жылдырылды

Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын кароо саат 11:00гө жылдырылды
Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралмак, бирок отурум саат 11:00гө жылдырылды. Сот алардын адвокаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карамак. Соттун имаратынын алдына депутаттардын жакындары жана тарапташтары колдоо митингине чыгышты. Алар эл өкүлдөрүнүн бошотулушун талап кылышууда. Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.
edita