SerepTV Logo

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралууда (сүрөт, видео)

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралууда (сүрөт, видео)
Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралууда. Тактап айтканда, сот алардын адвокаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карап жатат. Соттун имаратынын алдына анын жакындары жана тарапташтары колдоо митингине чыгышты. Алар депутаттын бошотулушун талап кылышууда. Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын "Кумтөр" боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56702,56815" orderby="rand"] [video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/whatsapp-video-2021-06-18-at-09.34.42-1.mp4"][/video]
edita