SerepTV Logo

Жети-Өгүздө көл жээктеги 5 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө көл жээктеги 5 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды
Жети-Өгүз районундагы 5 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу иштерин улантууда. Анын алкагында Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын аймагындагы баасы 35 миллион 865 миң 868 сомду түзгөн 5 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Аталган жер тилкеси 2024-жылдын мартында туристтик жана рекреациялык пайдалануу үчүн жеке колго мыйзамсыз чыгарылган. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында участок айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып, муниципалдык менчик катары калыбына келтирилген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="250354,250355,250356"]