SerepTV Logo

Жети-Өгүздө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Жети-Өгүздө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти
Жети-Өгүздө катуу шамал болуп, мектептин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Кечээ, 5-июль күнү Жети-Өгүз айылында болгон катуу шамал орто мектептин чатырын учуруп кетти. Болжол менен 1036 чарчы метрлик шыйпыр жараксыз абалга келди. Жерине Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн 3 офицер келип, мектептин абалы менен таанышты. Бүгүн, 6-июлда Жети-Өгүз райондук Жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымдары эсептеп, чатырын жабууга кам көрүшөт.