SerepTV Logo

Жерүйдө айыл тургундары менен ишкана кызматкери мушташа кеткен

Жерүйдө айыл тургундары менен ишкана кызматкери мушташа кеткен
Жерүй алтын кенинде массалык мушташ чыкты. Мындай маалыматты социалдык тармактарда окуянын күбөлөрү таратууда. Алардын айтымында, кечээ жергиликтүү тургундардын бир нечеси «Альянс Алтын» ЖЧКсынын кызматкерлери менен согуша кетишкен. Кесепетинде бир адам жабыркаганы айтылат. Компаниянын өкүлдөрү Serep.kg сайтына мындай окуя орун алганын тастыкташты. Бирок мушташ массалык мүнөздө эмес экенин, болгону эки адамдын ортосундагы пикир келиштестик болгонун билдиришти. «Бул биздин компаниянын аймагынан сырткары болгон окуя. Андыктан бизде так маалымат жок. Себептерин укук коргоо органдарынан билиш керек», — дешти «Альянс Алтындан». Талас облустук милициясы бул боюнча арыз түшпөгөнүн, бирок териштирүү башталганын билдиришти.
Unknown Author