SerepTV Logo

"Жергиликтүү тургунду бычактаган". Киши өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

"Жергиликтүү тургунду бычактаган". Киши өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды
Оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Өзбекстандын 1999-жылы туулган жараны мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. 2022-жылы Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (атайылап өлтүрүү) боюнча ага издөө жарыялаган. Алынган маалымат боюнча 2020-жылдын февраль айында пикир келишпестиктен улам жергиликтүү тургунга бычактан жаракат келтирип, анын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Аныкталгандай, шектүү оор кылмыш ишин жасагандан кийин изин жашырып Кыргызстандын аймагына качып кеткен. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Өзбекстандын жаранын кармашты. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.