Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Токмокто талапкерди сабап кетишти
Токмок шаарында жергиликтүү кеңештердин талапкери, саясий партиялардын биринин өкүлү сабалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу билдирди.
Анын айтымында, 13-мартта талапкер милицияга арыз менен кайрылган. Азыр бул иш Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча катталган. «Факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Талапкер аял. Жабырлануучунун айтымында, аны кафеде сабашкан», - деди Нурдин Эшимкан уулу. Ошондой эле, ал сабалган кандидаттын аты-жөнү атоодон баш тартты.