Орусияда жер төлөдө ташталган кыргыз балдар боюнча текшерүү иштери жүрүп баштады
Санкт-Петербургдагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө кароосуз калган 3 бала боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу маалыматты орусиялык ЖМК жазышты.
Кароосуз калган балдар Рижский проспектисиндеги имараттан табылып, алардын эң кичинекейи сасык тумоо менен ооруканага жеткирилген. Милициянын маалыматы боюнча, балдардын энеси 22 жаштагы Кыргыз жараны. Прокуратурадан жашы жете элек балдарга карата мыйзамдын талаптарынын аткарылышына, анын ичинде алдын алуу тутумунун органдарынын иш-аракеттерине баа берилери айтылды. Прокурордун жооп кайтаруу чараларын көрүү маселеси эгер буга негиз бар болсо текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечилет.