Саясатчы Жеңиш Молдокматов дагы 2 айга камакта калтырылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго карата баш коргоо чарасын узартты. Ал 1-сентябрга чейин камакта калтырылаары белгилүү болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жеңиш Молдокматов 6-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") боюнча кылмышка шектелип кармалган. Кийин ага «массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча да айып тагылган.