SerepTV Logo

Шаардык сот Жеңиш Молдокматовду 6-июлга чейин камакта калтырды

Шаардык сот Жеңиш Молдокматовду 6-июлга чейин камакта калтырды
Бүгүн, 1-майда Бишкек шаардык соту "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун адвокатынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Тактап айтканда, ал 6-июлга чейин камакта болот. Жеңиш Молдокматов 6-май күнү ИИМге суракка чакырылган жана сурактан кийин 48 саатка камакка алынган болчу. Ал октябрь айындагы окуяларда УКМКнын имаратын басып алууга, башаламандык уюштурууга шектелүүдө. Өзү бул иш боюнча «мага карата саясий куугунтук болуп жатат» деп билдирген. 8-майда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга, тактап айтканда 6-июлга чейин камакка алынган болчу.
edita