SerepTV Logo

«Женго» тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандан качып бара жатканда кармалды

«Женго» тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандан качып бара жатканда кармалды
Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 2-сентябрда мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында «Женго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде ал укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн. Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="252525,252526,252527"]