SerepTV Logo

Жеке менчикке өтүп кеткен 3,6 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жеке менчикке өтүп кеткен 3,6 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 3 миллион 660 миң 900 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Курманжан-Датка көчөсүнүн №262а дарегинде жайгашкан Ош Мамлекеттик университетине караштуу 3 миллион 660 миң 900 сомдук 154 чарчы метр жер тилкесин жарандардын бирине берүү боюнча 2008-жылдын 18-сентябрында Ош мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган. Ошондой эле, Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган жаранга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен шаардык прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси мэриянын балансына кабыл алынды.
edita