SerepTV Logo

Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев бошотулду

Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев бошотулду
Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы каралып, өзгөртүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы бүгүн, 2-декабрда каралган жана ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Алмамбет Салиев 17-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.