SerepTV Logo

Жазасын өтөп жаткан жарандан 25 миң сом пара талап кылган Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кармалды (видео)

Жазасын өтөп жаткан жарандан 25 миң сом пара талап кылган Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кармалды (видео)
Жазасын өтөп жаткан адамдан аны келишим аркылуу жумушка орноштуруу үчүн 25 миң сом пара талап кылган Жаза аткаруу кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдөө жүргүзгөн прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу үчүн андан 25 миң сом өлчөмдө пара талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча 17-февралда Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш ишинин материалын прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына (Ош шаары) өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүүгө ИИМдин кызматкерлери киришкен. Шектүү деп божомолдонгон кызматкерлер үч жолу өзүнчө параны алышканы катталып турган. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин кызматкерлери тарабынан февраль айынын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6000 сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган. "Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин начальнигинин орун басары кармалды. Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы убакта ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда”, - деп айтылат маалыматта. [video width="854" height="480" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/mru-mvd-za-vymogatelstvo-vzyatki-zaderjany-dvoe-sotrudnikov-uchrejdeniya-gsin.mp4"][/video]
edita