SerepTV Logo

Бишкекте жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран изделүүдө

Бишкекте жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран изделүүдө
Балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн адамды издөө иштери жүрбөй жатканын Фейсбук баракчасына жазып чыккан. "Октябрь РИИБиси өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди кылган адамды жоопко тартууга аракет көрбөй жатышат. Ал киши кызга кол салган, денесин кармалаган. Кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Өспүрүм азыр стресс абалында. Кыздын ата-энеси 102ге чалышкан, Октябрь РИИБиге арыз калтырган. Кишинин анын артынан аңдып жүргөнүн тастыктаган видео жазуу бар. Бирок жыйынтыгы жок", - деп жазган укук коргоочу. Аталган окуя боюнча Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты. "9-июль күнү жаран саат 16:30дар чамасында 8-кичи райондо белгисиз жаран кызына карата ыплас иштерди кылганын айтып арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн дарегин аныктоо иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.