SerepTV Logo

"Жаштык кылып койдук". Жети-Өгүздө унаадан белине чейин чыгып алгандар аныкталды

"Жаштык кылып койдук". Жети-Өгүздө унаадан белине чейин чыгып алгандар аныкталды
9-ноябрь күнү Жети-Өгүз айылынын борборунда үйлөнүү тоюн майрамдап жатышкандар унаалары менен автоээнбаштык кылгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видеого түшүрүлүп, алар чара көрүүнү суранышкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы айдоочулар аныкталган. Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен (автоээнбаштык) протоколдор түзүлүп, ар бирине 15 миң сомдон айып пулдар салынып, унаалар айып короого токтотулду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)

edita