SerepTV Logo

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты (видео)

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты (видео)
«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 18-февралга чейин үй камагында болот. Жеңиш Молдокматов 6-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Кийин ага «массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча да айып тагылган. Кийинчерээк ага дагы үч - «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алуу», «Ок атуучу куралды тартып алуу же уурдоо» беренелери менен айып тагылган.