SerepTV Logo

Жаш жигиттер түн ичинде үйгө кирип, кызды тоноп кетишкен

Жаш жигиттер түн ичинде үйгө кирип, кызды тоноп кетишкен
"Бишкек шаарында талап-тоноого шектүүлөр кармалды",- деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы. Окуя 10-мартта түнкү саат 02:00 чамасында болгон. Токтогул көчөсүндөгү үйгө кирген белгисиз адамдар жаш кызды коркутуп, уюлдук телефонун, банк картасын жана 1000 сом акчасын алып кетишкен. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине 12-мартта кайрылып, №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1999-жылы туулган Т.Ш., 1997-жылы туулган А.Н. кармалды. Алар камакка алынып, тергөө уланып жатат.
 
edita