SerepTV Logo

Жасалма номур менен жүргөн айдоочу аныкталды

Жасалма номур менен жүргөн айдоочу аныкталды
Жасалма мамлекеттик номур менен унаа башкарып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Кечээ, 18-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунан Ауди А4 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жасалма мамлекеттик номур тагып, унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча айдоочуга укук бузуулар Кодексинин 449-беренесине ылайык 20 миң сом айып салуу менен унаасын убактылуу короо жайына токтотушкан.
edita