SerepTV Logo

Жасалма авиабилеттерди саткан шектүү аял кармалды

Жасалма авиабилеттерди саткан шектүү аял кармалды
Эки жаранга Москвага жасалма авиабилеттерди саткан шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүү 2 билетти 86 миң сомго сатып жиберген. Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленип, сатып алган жабырлануучулар билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барышып, алданып калганын билишкен. Кармалган шектүү аял 1998-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Ал мындай ишке карыздарынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу баргандыгын айткан. Учурда аталган факты боюнча  алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн колунда жаш 2 баласы бар экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.
Unknown Author