SerepTV Logo

"Жардыруу болот". Бишкектеги соода борбордо бомба коюлганын айткан шектүү кармалды

"Жардыруу болот". Бишкектеги соода борбордо бомба коюлганын айткан шектүү кармалды
Кечээ, 5-май күнү саат 19:30 чамасында милициянын "102" кызматына "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Аталган факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес.
edita