SerepTV Logo

Жарандын унаасын жана 17 миң долларын тартып алган шектүү кармалды

Жарандын унаасын жана 17 миң долларын тартып алган шектүү кармалды
Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, ИИМдин каттоосунда Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган жаран кармалды. Шектүү 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан Мерседес S500 үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="188570,188571"]