100 миң сом алып, из жашырган жаран кармалды. Ал мурда 3 жолу соттолгон
Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ички иштер органдарына Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен
кайрылып, алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү өтүнгөн.
Аныкталгандай, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң жолугушуулардан качып, изин жашырып кеткен.
Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Март айынын башында бул ишке шектеп Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын 38 жаштагы жашоочусу М.З. аттуу жаранды кармады. Ал мурда 3 жолу соттолгону, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени такталды. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.