SerepTV Logo

"Жарандык алып берүүнү убадалаган". Орусияда кыргызстандыктар 246 миң рублга алданып калышкан

"Жарандык алып берүүнү убадалаган". Орусияда кыргызстандыктар 246 миң рублга алданып калышкан
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы бөлүмүнө караштуу канцеляриясынын көмөгү менен айрым жарандардын алдамчылык аракеттеринин натыйжасында Кыргыз жарандарына 246 миң рубль өлчөмүндө келтирилген материалдык зыян компенсацияланды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Маалыматка караганда, канцелярияга кыргызстандыктар кайрылып, бейтааныш адам өзүн Орусиянын компетенттүү органдарынын биринин кызматкеримин деп тааныштырып, белгилүү бир акы үчүн Орусиянын жарандыгын алуу жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүгө убада берип, алдап кеткендигин айтып кайрылышкан. Ал адам убадасын аткарбай качып баштаган жана жарандардан мурда алынган каражаттарды кайтаруудан баш тарткан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, аракеттерде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган. "Канцелярия Кыргыз жарандарынын арыздарынын негизинде Иркутск облусунун прокуратурасына бул материалдын алкагында мурда кабыл алынган чечим боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылган. Өз кезегинде Иркутск облусунун көзөмөлдөөчү органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурордун жообуна карата чаралар көрүлдү. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча мурда кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылып, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Соттук териштирүүнүн алкагында келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.