SerepTV Logo

Жарандык активист Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү кыскартылды

Жарандык активист Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү кыскартылды
Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго карата өкүмдү өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти. «Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата жаза дайындалган эмес. Жарандык активист 6 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды», - деп айтылат соттун билдирүүсүндө. Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.