SerepTV Logo

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалганын Биринчи Май РИИБден бүгүн, 1-июлда билдиришти. Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Адилет Али Мыктыбек тергөө кызматына жеткирилип, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.