SerepTV Logo

"Жарандарга 21,5 миң доллар чыгым келтирилген". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

"Жарандарга 21,5 миң доллар чыгым келтирилген". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында, алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган жаран кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21,5 миң доллар чыгым келтирилгендиги аныкталды. Аталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.