Жаңы-Жер айылында жергиликтүү эки тургундун үйүнө таш ыргытууга аракет кылышкан. Жабыркагандар жок
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-апрелде кечки саат 8 жарымдар чамасында Жаңы-Жер айылында жаштар чогулуп жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаштар Баткен районунун тургундарына керектүү жардамдарды чогултуу максатында чогулгандыгын аныкташкан. Кечки саат 9 жарымдарда, чогулгандардын саны 50 адамга жеткен. Буга байланыштуу элдик кошуун жана жергиликтүү бийлик органдары коомдук тартипти бузуунун алдын алуу боюнча алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бирок кээ бир адамдар жергиликтүү эки тургундун үйүнө таш ыргытып, милиция келгиче качып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Басма сөз кызматы жабыркагандар болгон жок деп белгиледи. Үйлөрдүн тосмолоруна гана анча-мынча зыян келтирилгендиги аныкталды. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Түнкү саат 10 жарымдар чамасында эл милиция жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишти. «Учурда Чүй облусунун аймагында абал толугу менен милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, коомдук тартипти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элдик кошуун менен биргеликте камсыз кылышууда», - деп билдиришти ШИИБден.