Жансыз денеси суудан табылган 19 жаштагы Аселдин атасы: "Кайын журту жооп берсин"
Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси кечээ, 18-мартта табылган.
- Ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.