SerepTV Logo

Жанар Акаев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды

Жанар Акаев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Аскер прокуратурасына чакыртылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эл өкүлүнүн жакындары тастыкташты. Маалыматка караганда, ал суракка бүгүн, 2-июнга саат 15:00гө чакырылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал "Кумтөр" иши боюнча сурак берет. 14-апрелде депутат УКМКга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыккан.