SerepTV Logo

ЖАМК: Оозун тигип алган жаран сот салган 300 миң сом айып пулга нааразы болгон

ЖАМК: Оозун тигип алган жаран сот салган 300 миң сом айып пулга нааразы болгон
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган 3 адам оозун тигип алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан Сереп Медиага билдиришти. Белгилей кетсек, эртең менен ЖМКлар №1 тергөө абагында отурган 3 киши Марс Жусупбековдун түрмөнүн башчылыгына кайра келишине нааразы болуп ооздорун тигип алганын жазышкан. Бирок ЖАМК оозун өзүнө карата чыккан соттук чечимге макул болбогон бир гана киши тиккенин билдирди. "Үч эмес, бир киши оозун тиккенин айтышты. Ал №1 тергөө абагында жетекчисине эмес, өзүнө чыккан соттун чечимине нааразы болуптур. Ага 300 миң сом айып салышкан экен. Ошого нааразы болуп оозун тигип алган", — деп билдиришти ЖАМКтан. Эске сала кетсек, Марс Жусупбеков Бишкектин №1 тергөө абагынын жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштаган. Ал 2013-жылы абакты жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге жол берген деп кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 305-беренеси ("Кызмат абалынан аша чабуу") менен айыпталган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы төрт жылга жатак абакка кескен. Анын жактоочулары 2019-жылы июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Материалдар кайра кароого жиберилген.  Октябрь райондук соту кылмыштын курамы жок деген негизде Жусупбековду актап, ал кызматына кайтып келген.  
Unknown Author