1,6 миллион сом болгон тамекини Кыргызстанга алып өтүү аракетине бөгөт коюлду
“Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан акциздик маркасы жок 240 миң даана, жалпы наркы 1 миллион 600 миң сом болгон, Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62490,62491"]