Жалдагы ооруканада 45 жаштагы жаран уколдон кийин каза тапты
Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Бул туурасында Kaktus.media жазып чыкты.
Алдын ала маалыматка ылайык, болжол менен 45 жаш чамасындагы жаран антибиотик сайдыруу үчүн аталган оорукананын ЛОР- бөлүмүнө кайрылган. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Кийинчерээк жерине милиция кызматкерлери чакыртылып, алар маркумдун жансыз денесин өлүкканага алып кетишкен.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, эркек киши башка медициналык мекемелер түндө жабык болуп жаткандыктан аталган ооруканага таанышы аркылуу кайрылган. Эмнеси ооруп жүргөнү азырынча белгисиз. Окуяны Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы иликтейт. Такталбаган маалыматтарга караганда, киши дарыдан анафилактикалык шок болгон. Өлүмүнүн так себебин экспертиза аныктайт.