SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы темир иштетүүчү заводдо жарылуу болуп, 3 адам оор жаракат алды

Жалал-Абаддагы темир иштетүүчү заводдо жарылуу болуп, 3 адам оор жаракат алды
Жалал-Абад шаарындагы темир иштетүүчү заводдун меши жарылып, 7 адам жаракат алып, облустук ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу журналисттерге аталган ооруканадан билдиришти. Маалыматка караганда, 7 адамдын төртөө биринчи медициналык жардам алган соң, чыгып кетишкен. Ал эми 3 адам денесинен 90 пайызы күйүк алды. Алар:
  • 1993-жылы туулган Сузактын Кара-Дарыя айылынын тургуну;
  • 1996-жылы туулган Сузактын Жерге-Тал айылынын тургуну;
  • 1992-жылы туулган Ош облусунун тургуну.