Жалал-Абаддагы Шайдан-Сай каналына жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркады
Жалал-Абадда Бишкек-Ош унаа жолунунда Дэу-Нубира үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, Шайдан-Сай каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар тарабынан жабыркагандар оодарылган унаадан чыгарылып, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.