Жалал-Абаддагы көлмөдөн 41 жаштагы жарандын сөөгү табылды
Таш-Көмүр шаарындагы Үч-Жаңгак тилкесинде эс алуучу көлмөгө бир киши чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө иштерине жалпысынан 10 куткаруучу, суучулдар тартылган. Куткаруучулар көлмөгө чөгүп кеткен 1980-жылы туулган жарандын жансыз денесин саат 20:05 чамасында суудан табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.