Жалал-Абаддагы Кара-Суу дарыясына агып кетти делген аялды издөө иштери уланууда (сүрөт)
Кечээ, 25-май күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясында адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн жанында белгисиз аялдын кийимдери табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, табылган кийимдер 1967-жылы туулган аялга таандык экени аныкталган. Кечээ суунун жээгинде 20 чакырым аралыгында издөө иштерин жүргүзүлгөн, бирок майнап чыккан эмес.
"Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу тартылды", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48517,48518,48519"]