Жалал-Абаддагы балдар аянтчасында өспүрүмгө кол көтөргөн аял кармалды (видео)
20-августта социалдык тармактарда балдар аянтчасында аялдын балага кол көтөргөн видеосу тараган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен. Бүгүн, 22-августта милиция маалымат таратып, шектүү камакка алынганын билдиришти.
- 19-август күнү Жалал-Абад ШИИБге Сузак районуна караштуу Октябрь айылынын 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 17-август күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунун 4-кабатында 2012-жылы туулган баласын бейтааныш, 30-35 жаштар чамасындагы аял киши бети-башына урганын айткан.
- Аталган маалымат катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Ал эми жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.