SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы аттракциондун отургучу сынып, 25 жана 18 жаштагы жарандар ооруканага түштү

Жалал-Абаддагы аттракциондун отургучу сынып, 25 жана 18 жаштагы жарандар ооруканага түштү
Жалал-Абадда сейил бактын аттракционундагы отургуч сынып кетип, эки жаран ооруканага түшкөн. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. Окуя 16-апрель күнү саат 23:55 чамасында болгон. Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундар ойногону чыгышкан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөн. Кырсыктын кесепетинен алар денелеринен жараат алышып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя Жалал-Абад ШИИБге “кокустук” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.