SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты

Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты
Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, ал травматология бөлүмүнө которулган. "Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Алдыда операция жасалат", - деп билдиришти ооруканадан. Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, «Жеңиш» эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундары ойногону чыккан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөнүн, алар ооруканага жеткирилгенин билдиришкен. Кийинчерээк кыздын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү маалымдалган.