Жалал-Абаддагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти
"Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты.
Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовдун билдиришинче, уулангандардын саны 40ка жетти. Алардын арасынан 28 бейтап ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда.
27-июнь күнү "Ага-Ини" тез татым даярдалуучу тамактануучу жайда алгач 19 адам ууланган. Андан кийин уулангандардын саны 35ке чейин жетип, аталган тамактануучу жайга санитардык норманы сактабагандыгы үчүн 7500 сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.