Жалал-Абаддагы аэропорттун аймагында кургак чөп күйүп кетти (сүрөт)
Кечээ, 20-июнда Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун аймагында кургак чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 бөлүгүнөн 1 өрт өчүрүүчү бөлүм жана №58 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 21:29да курчоого алынып, саат 21:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="57592,57591"]