SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы 85 жаштагы карыянын өлүмү. Жакындары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты

Жалал-Абаддагы 85 жаштагы карыянын өлүмү. Жакындары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты
Жалал-Абаддагы Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги камыштардын арасынан табылган 85 жаштагы карыянын жансыз денесин кароо учурунда зомбулуктун белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 8-июлда Жалал-Абад ОИИБге карыянын жакындары кайрылып, анын үйдөн таңкы саат 07:00 чамасында чыгып кеткенин айтып, дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. ОИИБ бул фактыны дайынсыз жоголуу боюнча каттоого алган. Ал эми бүгүн, 9-июлда карыянын жансыз денеси табылганын ӨКМден билдиришти. Бул окуя Жалал-Абад ОИИБге каттоого алынган. "Бул окуя каттоого алынды. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери аныкталган жок. Жакындары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча карыянын көзү жакшы көрчү эмес", - дешти ОИИБден.