Казарманда таенеси сабаган эки буту баспаган кыздын окуясы. Анын зордукталганы да айтылууда
Жалал-Абад облусунда жакындары тарабынан зомбулукка кабылган, таятасы тарабынан зордукталды делген 26 жаштагы майып кыздын “кыздык белгиси” жок экени аныкталды. Бул тууралуу бугүн, 10-февралда адвокат Шердор Абдыкапаров СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ кечинде Аселди Казармандан Бишкекке алып келишкен. Борборго келгенден кийин экинчи жолу экспертиза тапшырган. Экспертизанын жыйынтыгында, Аселдин “кыздык белигиси” жок экени аныкталган.
Асел таятасына жана таякесине карата Казарман РИИБге арыз калтырган.
"РИИБдин кызматкерлери жана Казармандын социалдык коргоочуларынын жардамы менен Асел калыбына келүү жана андан аркы объективдүү иликтөө үчүн бошотулду",- деп айтылат маалыматта.
8-февралда адвокат тарабынан СЕРЕП МЕДИА агенттигине видео берилген. Ал видеодо таенеси майып кызды ур-токмокко алып жаткан. Кийинчерээк анын агасы Алтынбек карындашы таятасы тарабынан зордукталганын айткан. Бирок ИИМдин кызматкерлери бул маалымат боюнча билдирүү таратып, кыз таятасы тарабынан зордукталбаганын билдиришкен эле.