Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, бир адам көз жумду
Кечээ, 13-ноябрь күнү Токтогул районуна караштуу Арал айылында жайгашкан турак үй өрттөнүп жатат деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге бир бөлүм тартылып, саат 09:31де өрттү курчоого алып, толугу менен саат 14:16да өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган турак үйдүн ээси каза болду. Өрттүн себеби учурда такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="83456,83457"]