SerepTV Logo

Жалал-Абадда унаа жолду сел каптады

Жалал-Абадда унаа жолду сел каптады
Бүгүн, 6-майга караган түнү саат 02:35тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттүндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кекилик тилкесинин Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.
Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан. Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240469,240470,240471,240472"]