Жалал-Абадда унаа чуңкурга түшүп, 4 адам жаракат алды
Жалал-Абадда жеңил унаа чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош-Бишкек унаа жолунун 262-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай чуңкурга түшүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон. Алардын ичинен 1962, 1986, 1995-жылы туулган эркек киши, 1991-жылы туулган аял киши ар кандай жаракат алышкан. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды Тез жардам кызматкерлерине өткөрүшүп беришти.