SerepTV Logo

Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан ишкананын директору кармалды

Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан ишкананын директору кармалды
Пара берип жаткан жеринен “Юг-Спецавтоматика” ишканасынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган. “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде оң жагына чечүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды. 2-ноябрда "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="81507,81509,81510,81511"]