SerepTV Logo

Жалал-Абадда суу сактагычта табылган жансыз дене. 25 жаштагы маркум дээрлик 2 айдан бери изделип жаткан

Жалал-Абадда суу сактагычта табылган жансыз дене. 25 жаштагы маркум дээрлик 2 айдан бери изделип жаткан
Мындан эки күн мурда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычынан аялдын жансыз денеси табылганын билдиришкен.  СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, маркум мурда изделип жаткан 25 жаштагы кыз болчу. Ал 6-январдан бери дайынсыз болуп жаткан. Буга чейин милиция маалымат таратып, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган кыз 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.