Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды (сүрөт)
Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чарбак айылында таза суунун кудугунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.
"Жерине үч куткаруучу тартылып, кудуктан 1976 жана 2003-жылы туулган жарандардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМден кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="64533,64534"]